Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп жатканын "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдирди.

Анын айтымында, эң көп суроо-талап 1 граммдан 50 граммга чейинки өлчөмдөгү куймаларга туура келет.

Жамаев белгилегендей, алтын бүгүнкү күндө толук кандуу финансылык актив катары каралып жатат. Мерчемдүү алтын куймалары "Кыргызалтындын" фирмалык дүкөндөрү аркылуу сатылат.

Ошондой эле Кыргыз фонжулук биржасы, "Кыргызалтын" ААКы жана "Борбордук депозитарий" ЖЧКсы ортосунда келишим түзүлгөн. Ал келишим аркылуу баалуу металлдарды биржадагы автоматташтырылган система аркылуу эркин сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Санариптик платформаларды өнүктүрүү алтынды сатып алуу жана сатуу процессин жөнөкөйлөтүп, аны онлайн форматта жеткиликтүү кылат.

Компаниянын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жарандар да алтын сатып ала алышат. Эгер ар бир куймага тиешелүү сертификат болсо, аны өлкөдөн алып чыгууга уруксат берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media
Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media