Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Астана шаарындагы субрегионалдык кеңсесинде өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада аймактагы эпизоотиялык абал, өзгөчө кооптуу жаныбарлардын ооруларынын жайылышын алдын алуу жана ветеринардык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Жолугушууга аймактык ветеринардык органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана тармактык адистер катышып, маалымат алмашты.

Катышуучулар жугуштуу оорулардын чек ара аркылуу жайылыш коркунучтарын, ветеринардык коопсуздук жана эпизоотиялык көзөмөл тармагында аймактык кызматташууну бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

Иш-чара Борбор Азиядагы ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө жана жаныбарлардын ооруларын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен чараларды өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

7-апрелде саат 09:00дөн 8-апрелге караган түнкү 02:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймактар: * Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрүнүн аралыгы, ошондой эле Coca-Cola заводунун аймагы; * Садыгалиев

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,