"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт
19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары.
"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" суу алуучу жайларындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.