Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин билдирүүсүнө караганда, мыйзам долбоору тилемчиликти азайтууга, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле аярлуу катмардагы жарандарды эксплуатациялоодон коргоого багытталган.

Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда жана жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тажатма тилемчилик үчүн жоопкерчилик каралат, чет өлкөлүк жарандарга чара көрүү жана өлкөдөн чыгаруу үчүн укуктук негиз түзүлөт.

Талкуу маалында депутаттар коомдук жайларда кайырчылык кылуу көйгөйү, жол кыймылынын коопсуздугу жана чет өлкөлүк жарандарга карата чара көрүү маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле, комитет "2025-жылдын 29-сентябрында Минскте кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун да биринчи окууда карап, колдоого алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп жатканын "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдирди. Анын айтымында, эң көп суроо-талап 1 граммдан 50 граммга чейинки өлчөмдөгү куймаларга туура келет. Жамаев белгилегендей, алтын бүгүнкү күндө толук кандуу финансылык актив катары каралып жатат. Мерчемдүү алтын куймалары "Кыргызалтындын"

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу