Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, райондун бардык айыл аймактарынын башчылары жана ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчиси катышты.

Жыйында тармактык кызматкерлер жазгы талаа иштерине даярдыктар, минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, сугат каналдарын өз учурунда тазалоо боюнча маалымат беришти. Айыл аймактардын башчылары сугат жерлеринин аянты жана пайдаланылуучу каналдар тууралуу маалыматтарды ортого салышты.

Министр Бакыт Төрөбаев дыйкандарга сертификаты бар үрөндөрдү себүүнүн артыкчылыктарын активдүү түшүндүрүүнү жана жазгы талаа иштерине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.
"Биз дыйкандарга азыртадан сертификатталган үрөндөрдү пайдалануунун артыкчылыктарын түшүндүрүшүбүз керек. Сугат мезгилине көйгөйлөр жаралбашы үчүн сугат каналдарын эртелеп тазалап бүтүшүбүз зарыл", — деди ал.

Ошондой эле тиешелүү адистер районго заманбап техникалар келип жатканын, алардын дыйканчылык тармагына олуттуу салым кошуп жатканын билдиришти. Мындан тышкары, Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштаганы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп жатканын "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдирди. Анын айтымында, эң көп суроо-талап 1 граммдан 50 граммга чейинки өлчөмдөгү куймаларга туура келет. Жамаев белгилегендей, алтын бүгүнкү күндө толук кандуу финансылык актив катары каралып жатат. Мерчемдүү алтын куймалары "Кыргызалтындын"

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу