Кыргызстанда ветеринардык дары каражаттарын каттоо санарип форматка өтөт

Кыргызстанда ветеринардык дары каражаттарын каттоо санарип форматка өтөт

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагын санариптештирүү алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан "Ветеринардык дары каражаттарын каттоо жана сертификаттоо" боюнча Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) иштелип чыгууда.

Жаңы система ветеринардык дары каражаттарын каттоо процесстерин толугу менен электрондоштурууга багытталган. Анда арыздарды онлайн кабыл алуу, документтерди текшерүү, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү, лабораторияларга электрондук багыттамаларды жөнөтүү, электрондук чечим кабыл алуу жана QR-коду бар электрондук күбөлүк берүү каралган.

Ошондой эле катталган дары каражаттарынын реестри жүргүзүлүп, маалымат издөө жана аналитикалык модуль ишке кирет. Арыз берүүчүлөр документтерди ЭСК менен онлайн тапшырып, арыздын жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышат.

АМС арыз берүүчүлөр, лабораториялар жана Борбор ортосунда бирдиктүү электрондук документ жүгүртүүнү түзүп, башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланат. Бул система Кыргыз Республикасы үчүн ветеринардык коопсуздукту башкарууда заманбап, ачык жана ишенимдүү санариптик чечим болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?

Кыргызстанда алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп жатканын "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдирди. Анын айтымында, эң көп суроо-талап 1 граммдан 50 граммга чейинки өлчөмдөгү куймаларга туура келет. Жамаев белгилегендей, алтын бүгүнкү күндө толук кандуу финансылык актив катары каралып жатат. Мерчемдүү алтын куймалары "Кыргызалтындын"

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда

Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу