Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Адина Самыйбек кызы пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдешинде алтын медаль жеңип алды. Мындай билдирүүнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КРнын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде диск ыргытуу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган.

Аталган эл аралык мелдеш 6–14-февраль күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн. Ал эми мелдешке 42 өлкөдөн 370 спортчу катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери республиканын бардык аймактарында баалар жогорулады

Жыл башынан бери республиканын бардык аймактарында баалар жогорулады

2026-жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Анын өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, баалардын эң жогорку өсүшү (1,3%) Баткен облусунда катталды, бул калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин жогорулашынын (2,6%) эсебинен болгон. Ал эми тамак-аш

ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук  берди

ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук берди

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер

Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

2026-жылы Чүй облусунда 119,34 чакырымдан ашуун СИП кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери пландаштырылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин негизинде март айынан ноябрь айына чейин аткарылат. Анын ичинде: * Аламүдүн району – 20,45 чакырым; * Кемин району – 6,840 чакырым; * Москва району – 11,

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.  Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.  Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган.