Мэр ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына заманбап жабдууларды тапшырды
Бүгүн Бишкек мэри Айбек Джунушалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы атайын жабдууларды тапшырды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Үсөн уулу Акжол, Свердлов районунун башчысы Медербек Амангелдиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Шаар башчысы Бишкек мэриясы куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Эгер 2023-жылы ӨКМ башкармалыгын камсыздоого болжол менен 5 миллион сом каралган болсо, акыркы эки жылда бул каржылоо 10 миллион сомго чейин көбөйдү.
"Биз дайыма сиздерди колдоп, керектүү шарттарды түзүп турабыз. Жаңы шаймандар сиздерге күнүмдүк жооптуу жана катаал ишиңиздерде эң маанилүү курал болуп кызмат кылат. Ар кандай кырдаалга даяр болууга жана шаар тургундарына ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт», - деп баса белгиледи мэр А.Джунушалиев.
Белгилей кетсек, бул биргелешкен аракеттердин аркасында өткөн жылы шаардын коопсуздугун жакшыртуу боюнча маанилүү чаралар ишке ашырылды: дарыялардын жээктери бекемделди, Манка-Жар капчыгайында 50 000 куб метрлик дамба курулду жана заманбап куткаруу жабдуулары сатылып алынды.


