Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди:
- 1,6 килограмм буудай — 60 сом;
- 1,6 килограмм мейиз — 880 сом;
- 1,6 килограмм ун — 90 сом;
- 3,2 килограмм арпа — 100 сом;
- 1,6 килограмм курма — 1 200 сом.
Белгилүү болгондой, фитир-садака бул азыктардын наркына жараша акчалай түрдө да берилсе болот.
Муфтиятта азык-түлүктүн баалары туруксуз болуп жатканын белгилешип, ошондуктан эсептөөнү алардын салмагына карап жүргүзүү зарыл экенин эскертишти.
Эскерте кетсек, ыйык Орозо айы быйыл Кыргызстанда 19-февралда башталды. Дин башкармалыгы 2026-жылга карата алдын ала календарды түзгөн.