Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда күтүүсүздүк эффектиси болушу керектигин Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

"Азыр сыйлык алуучу өзү чуркап, документтерди чогултуп, жамааттын колун топтоп жүрөт. Негизи тескерисинче болушу керек эле. Сыйлык ыйгаруучу орган өзү талапкердин соттолбогонун текшерип, документтерди чогултуп, мамлекеттик сыйлык тапшырууда күтүүсүздүк сакталууга тийиш. Азыр болсо мамлекеттик сыйлык текеберликтин белгисине айланып, адам өзү сыйлыгы үчүн чуркап жүрөт", — деди депутат.

Ал эл өкүлдөрүнө ар кандай наам же сыйлык алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен көп кайрылышарын кошумчалады.

"Кээде аксакалдарга “Сизге чын эле керекпи? Ушул ардак грамота же наам менен акылдуураак же кадыр-барктуу болуп каласызбы?” деп айтуудан да уялып кетесиң. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасына болгон мамилени сөзсүз өзгөртүү керек", — деп белгиледи Дастан Бекешев.

Өз кезегинде Аяз Баетов көйгөй бар экенин моюнга алып, мамлекеттик сыйлык алуу көптөгөн кагаздарды чогултуу менен коштолгон түйшүккө айланганын айтты. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комиссия иш тартибин кайра карап чыгууга даяр.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунда мамлекеттик сыйлыктардын санын 46дан 20га чейин кыскартуу сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"