Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен. Тактап айтканда:

  • Пияз – 1,20 гектар, “Свифт” сорту
  • Сарымсак – 1,0 гектар, “Аталык агыш” сорту
Учурда талаада биринчи азыктандыруу иштери жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Мониторинг көрсөткөндөй, сарымсактын орточо өсүшү 50 см, пияздыкы 20 смге жеткен.

Агенттиктин адистери билдиргендей, өсүмдүктөр агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүлүп, 2026-жылдын түшүмүнө жакшы негиз түзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда

Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

Бишкектеги унаа жуучу жайлар үчүн суу тарифи жогорулашы ыктымал

"Бишкексууканал" ишканасынын директору Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган №133 токтомунун колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Учурдагы документке ылайык, айланма суу тазалоо системасын 2024-жылдан кийин ачылган унаа жуучу жайлар гана орнотууга милдеттүү. Жумалиевдин айтымында, унаа жуучу жайлардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында алар "эмне

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Иш-чарада мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алуу, ошондой эле эмгекти коргоо

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн санариптик платформасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн санариптик платформасы иштелип чыгууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы сибирь жарасынын очокторун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн "ОЭМС" ГМС системасын түзүү долбоорунун ишке ашырылышын баштады. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Система өлкө аймагындагы ветеринардык-санитардык абалды визуалдаштыруу, мониторинг