Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн санариптик платформасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн санариптик платформасы иштелип чыгууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы сибирь жарасынын очокторун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн "ОЭМС" ГМС системасын түзүү долбоорунун ишке ашырылышын баштады.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Система өлкө аймагындагы ветеринардык-санитардык абалды визуалдаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана аналитикалык иштетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Анын алкагында:

  • сибирь жарасынын очоктору, биологиялык калдыктарды утилизациялоо объекттери жана ветеринардык инфраструктураны интерактивдүү картага киргизүү;
  • ветеринардык иш-чараларды эсепке алуу;
  • аналитика жана борборлоштурулган маалымат базасы;
  • жаңы очоктор катталганда жооптуу кызматтарды автоматтык кабарлоо;
  • мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо каралган.
"ОЭМС" ГМС системасы ветеринардык процесстердин ачыктыгын камсыз кылып, алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн биологиялык коопсуздугун бекемдөөгөмүмкүнчүлүк берет.

Бул долбоор ветеринария тармагында санариптик башкаруунун маанилүү кадамы болуп, Кыргыз Республикасында эпизоотиялык кырдаалды заманбап деңгээлде көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын