Жогорку Кеңеште эмгек коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам талкууланды
Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Иш-чарада мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды алдын алуу, ошондой эле эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу экендиги белгиленди.
Парламенттик угууда баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов мыйзам долбоору дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, алдын алуу механизмдерин күчөтүүгө жана мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасын өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.
Мыйзам долбоору иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү, кызматкерлерди коопсуздук эрежелерине үйрөтүү, электрондук форматта инструктаж өткөрүү, жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу жана кесиптик жаракаттарды алдын алуу боюнча нормаларды камтыйт.
Парламенттик угуунун жыйынтыгында депутаттар тарабынан мыйзам долбоорун өркүндөтүүгө багытталган сунуштар айтылып, алар документти кийинки окууларга даярдоодо эске алынары белгиленди.