“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат
24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" - муниципалдык ишкана ишканасы тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.