Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы парк аймагында жайгашкан ишкерлер соода түйүндөрүнүн демонтаждалышына байланыштуу жаңы мэр Жанар Акаевге кайрылышып, шаар башчысы кырдаалды жеринен көрүү үчүн окуя болгон жерге барды.

Мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге парктагы соода түйүндөрүнүн ээлери жана жаңы объекттерди куруп жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар ортодо жаралган пикир келишпестиктердин себептерин айтып, даттанышып, түшүндүрмө беришти.

Жанар Акаев Ош шаарынын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана шаарда тартипти сактоо башкы милдет экенин белгилеп, маселени мыйзамдын алкагында адилеттүү жана ачык-айкын чечүү зарылдыгын айтты.

Мэрия эске салгандай, буга чейин паркта тартип орнотуу максатында эски соода күркөлөрү алынган, аймак тазаланып, жаңы бак-дарактар отургузулган. Бул иштер шаар тургундары үчүн коопсуз, таза жана заманбап эс алуу аймагын түзүүгө багытталган.

Соода түйүндөрүн демонтаждоо иштери ушул жылдын январь айында ошол кездеги шаар башчысы Женишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media