Былтыр Баткенде 25 млн сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашты
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев 2025-жылы Облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, өткөн жылы аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга жалпысынан 25 млн 401 миң 750 сом бөлүнгөн. Каржылоонун алкагында бир катар маанилүү иштер аткарылган.
Тактап айтканда, Сүлүктү шаардык ооруканасынын жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынын тазалык ишканалары жаңы атайын техникалар — заманбап көчө тазалоочу унаалар, оор жүк ташуучу КаМАЗ жана эвакуатор-манипулятор менен камсыз болду. Самаркандек айылындагы №34 лицейдин имараты оңдолуп, Раззаков шаарынын Ак-Булак жана Алтын-Бешик айылдарындагы ички көчөлөргө асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, Баткен облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына авариялык-куткаруу унаасы жана атайын жабдуулар сатылып алынды.
Ошондой эле ишкерликти өнүктүрүүнү колдоо максатында төрт ишкерге 5 жылдык мөөнөткө, жылдык 2%дык үстөк менен жалпы 18 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилди.
Текшерүү учурунда Бактыбек Токсонбаев аткарылган иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, социалдык-экономикалык маанидеги мындай долбоорлор 2026-жылы да ырааттуу улантыларын белгиледи.


