Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды
Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш аянттарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жеринде көрүп чыгышты.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Долбоор боюнча мектептер 275тен 650 орунга чейин эсептелип, заманбап талаптарга ылайык салынат. Имараттар желдетүү жана өрт коопсуздугу системалары менен жабдылып, окуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле мектептерди күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу каралган.
Курулуш иштерин башкы подрядчы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. Объектилердин сапаты жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт.


