Нарында ата-энесинен ажыраган 5 балага жер тилкеси берилди
Нарын облусунда прокуратура органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган жетим балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкесин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ата-энесинин камкордугусуз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтери даярдалды.
Прокуратура органдары ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо багытындагы иштерди мындан ары да уланта турганын билдирди.