Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда 111 ломбарддын лицензиясы жокко чыгарылып, 11 лицензиянын аракети токтотулду. Жалпы салынган айып пулдардын суммасы 8 млн 414 миң сомду түзгөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.  

Ведомство ломбарддык ишмердүүлүктү реформалоонун беш жылдык жыйынтыгын чыгарды. Бул мезгил аралыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, калктын карыз жүгүн азайтууга жана рынокту көмүскө аймактан чыгарууга багытталган өзгөрүүлөр жүргүзүлгөн.

2024-жылдын май айынан тарта жылдык пайыздык ченге мыйзамдык чектөө киргизилип, ал "Улуттук банк чени + 12 пайыз" формуласы боюнча аныкталууда. Иш жүзүндө бул насыялардын баасын жылына орточо 30% деңгээлине чейин төмөндөтүп, 100–300% менен акча берүү учурларын жойгон.

Ошондой эле 200 миң сомго чейинки насыялар боюнча карыз алуучулар тууралуу маалыматты кредиттик бюролорго өткөрүүгө тыюу салынды. Бул жарандардын жеке маалыматтарын коргоого жана майда тиричилик насыялары үчүн алардын кредиттик тарыхынын начарлашына жол бербөөгө багытталган. Мындан тышкары, Министрлер кабинети ломбарддарга кардардын милдеттенмелерин көбөйткөн шарттарды өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салды.

Регулятор ички көзөмөл жана кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо талаптарын күчөттү. Күрөө мүлкүнүн сакталуусу жана мыйзамсыз кармап калууга жол бербөө өзгөчө көзөмөлгө алынды. Ломбарддар тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизүүгө милдеттендирилип, Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматы тобокелдикке багытталган мониторингге өттү.

Рынокту консолидациялоо максатында капиталды этап-этабы менен көбөйтүү графиги киргизилди:
  • 2025-жылдын 1-январынан тарта — 3 млн сом;
  • 2026-жылдын июлунан тарта — 7 млн сом;
  • 2027-жылы — 14 млн сом;
  • 2028-жылдын июлуна чейин — 20 млн сомго жеткирүү каралган.

2026-жылдын 25-февралына карата Кыргызстанда расмий түрдө 383 ломбард иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media