Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды
Таласта милиция кызматкери Түркия жарандарынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо иштеринин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А.ны кармады.
Тактап айтканда, Э.М.А. өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында чет өлкөлүк инвестор менен "Паслен" тукумундагы кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн (уруктарынын 1 кг баасы 3 000 доллар түзөт) отургузуу жана өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, андан соң жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.
Учурда шектүү Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Буга чейин ИИМдин тергөө органдары кызматкердин кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартып келишкен, - деп айтылат маалыматта.