АКШга барчу студенттер кепилдик төлөм берүүгө милдеттендирилбейт
Студенттер, АКШга кеткенде, виза боюнча кепилдик төлөмдү берүүгө милдеттендирилбейт, - деп билдирди АКШ элчилиги.
Студенттер F же M категориядагы визаларды алышат.
"Кепилдик төлөм ишкерлик же туристтик виза (B1/B2) сурагандарга талап кылынат", - деп айтылат билдирүүдө.
Мурда АКШнын Мамлекеттик департаменти 38 өлкөнүн жарандарына, анын ичинде Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келгендерге 5 миңден 15 миң долларга чейин виза кепилдигин төлөө талабын киргизген. Кыргыз жарандары үчүн бул талап 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет. Так сумма консулдук кызматкер менен интервью учурунда аныкталат.