Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат
Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген.

"Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик социалдык саясаттын алкагында даректүү ишке ашырылууда", — деп айтылат билдирүүдө.