Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты.

Алгач текшерилген объект — Түштүк-Батыш көрүстөнү болду. Ал 2021-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү мамлекеттик кызматтардын корутундусунун негизинде жаңы сөөк коюулар үчүн жабылган.

Карап чыгуу учурунда комиссия аймакты күтүү, сөөк коюу жайларын эсепке алуу жана чарбалык ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча бир катар кемчиликтерди аныктады.

Муниципалдык ишканага бардык сөөк коюу жайлары боюнча толук инвентаризация жүргүзүү жана аймакты белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды берүү тапшырылды.

Ошондой эле комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын карамагына өткөн Орто-Сай айылынын жанындагы көрүстөнгө жана "Көк-Жар" турак жай конушундагы мусулмандардын көрүстөнүнө барды. Ишкананын жетекчилигине жер тилкелерин пайдаланууну көзөмөлдөөнү күчөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана аймактарды кармоо эрежелерин сактоону камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты. Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып,

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -