Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү.

Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды. Компанияларга колдонуучуларга көзөмөлдү күчөтүү, эрежени бузган жарандарга санкцияларды колдонуу сунушталды.

Тактап айтканда, жол кыймылынын эрежелерин бузган колдонуучуларга мобилдик тиркеме аркылуу кызматты убактылуу же толук чектөө механизмин киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

20-февралда Свердлов РИИБине 1955-жылы туулган Л.К. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен 12 млн сом акчасын ээлеп алышкан. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек РИИББинин кылмыш иликтөө

Транспорт тармагын модернизациялоо жана электромобилдүүлүк талкууланды

Транспорт тармагын модернизациялоо жана электромобилдүүлүк талкууланды

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Момбеков Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда электромобилдүүлүктү өнүктүрүү, кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын түзүү, темир жол тармагын модернизациялоо жана жол тармагына санариптик чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле электр транспортун өнүктүрүү

Өзбекстандан келген 28 миңден ашык көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген 28 миңден ашык көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан импорттолгон 28 762 даана көчөт маркировкасы жок болгондуктан, фитосанитардык талаптарды бузуу негизинде кайра кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 23-февралында Өзбекстан Республикасынан

Мамлекет 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом жумшаган

Мамлекет 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом жумшаган

Өткөн жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом багытталганын республикалык жыйында Эдиль Байсалов билдирди. Анын айтымында, салыштыруу үчүн: 2021-жылы бул сумма 63,5 млн сомду түзүп, 329 миң нуска окуу китеби басылып чыккан. Эдиль Байсалов республикада 2 миң 394 мектеп бар экенин, анда 1,5 млн бала билим алып жатканын