"Жаштык" аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсеси ачылды
26-февралда "Жаштык" аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болду. Муниципалитет жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана жаштар демилгелерин ишке ашырууга шарт түзүү максатында атайын кеңсе бөлүп берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутаттар катышты.
Мэр кыймылдын өкүлдөрүн куттуктап, жергиликтүү бийлик жаштардын демилгелерин колдоону улантарын белгиледи. Анын айтымында, бул кеңсенин ачылышы жаштар саясатын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров уюмдун ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.
"Жаштык Арена" имаратынан кеңсе берилиши мэрия менен жаштар уюмдарынын кызматташуусун бекемдеп, жаштардын долбоорлорду ишке ашыруусуна жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзөт.


