Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кайра жанданды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кайра жанданды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик тосуу иштери кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн Баткен районунун Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды. Курулуш иштерине Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары тартылган. Керектүү техникалар жана жабдуулар толугу менен даяр экени маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.

Ал эми 2026-жылы Баткен облусунда 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен 65 чакырымы Баткен районуна, 135 чакырымы Лейлек районуна туура келет. Мындан тышкары, Ош облусунда 70 чакырым чек ара тилкесин тосуу каралган.

Жалпысынан 2025–2026-жылдары 420 чакырым кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо мерчемделүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355,8 млрд сомго жеткенин облус башчысы Азамат Осмонов билдирди. Анын айтымында, облустун ички дүң продукциясы 205 млрд соомду түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12% өсүштү көрсөттү. “Биздин облус активдүү түрдө өнүгүп жатат. Мында кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

Kaktus.mediaга жүк авиажеткирүүлөр менен алектенген "КАП Кей Джи" компаниясынын кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатканын билдиришкен. 2026-жылдын 1-мартына карата эмгек акы боюнча жалпы карыз 1 млн 249 миң 783 долларды түзөт. Мындан тышкары, компаниянын дагы көп миллиондук карыздары жана аткарылбаган милдеттенмелери бар экени айтылууда. Жалпысынан 37 кызматкер

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган макулдашууга 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек