Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн кеңешме жыйынында өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыдагы жылдарга карата стратегиялык пландар талкууланды. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди.
Анын айтымында, багбанчылык тармагында фермерлерди сапаттуу жана сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыздоо негизги багыттардын бири болуп саналат.
Үрөнчүлүк тармагында 2028-жылга чейин кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүн 37,1 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Бул учурдагы көрсөткүчтөн 30%га көп. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эки мамлекеттик питомник түзүлөт.
Өсүмдүктөрдү коргоо багытында Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларындагы лабораториялар толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2026-жылы ишке берилет. Ал эми Борбордук токсикологиялык лабораторияны 2027-жылы ачуу пландалууда.
Кооперацияны өнүктүрүү максатында кооперативдерге техника берүү иши улантылып, 2026-2027-жылдары 2000 гектарга жакын аянтка кызмат көрсөтүлүп, 120дан ашык жаңы жумуш орун түзүлөт.
Министрлик айыл чарбасын өнүктүрүүдө ресурстарды үнөмдөөчү жана заманбап технологиялардыкиргизүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Алардын катарына акылдуу теплицалар, тамчылатып сугаруу системалары, робототехника, вертикалдык чарбалар, ошондой эле дрон жана спутник аркылуу мониторинг жүргүзүү кирет.
Мындай технологияларды колдонуу түшүмдүүлүктү 25-35%га чейин жогорулатууга, сууну жана жер семирткичтерди үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Жыйынтыгында министрлик айыл чарбасын заманбап, натыйжалуу жана экологиялык туруктуу тармак катары өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттарды белгиледи.