Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү алкагындагы программаларды ишке ашыруу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Министрлик тарабынан учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана тармакты санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.

Тараптар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу багытында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Маалымат үчүн: Герман эл аралык кызматташтык коому (GIZ) — Германия Өкмөтүнүн атынан жана башка донорлор менен биргеликте туруктуу экономикалык өнүгүүгө багытталган эл аралык долбоорлорду ишке ашырган федералдык уюм болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды