Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын алдында ал Бишкек шаарындагы Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.
Коллегияда курулуш тармагынын жыйынтыктары жана министрликтин ишмердүүлүгү каралды.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 438,5 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу сегиз эсеге өскөн. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандагы курулуш тармагындагы өсүш 31%дан ашып, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгонун белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери тармакка 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, 936 социалдык объект курулуп бүткөн.
Жыйындын жыйынтыгында МинКаб Төрагасы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатуу жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле министрликтин ишине “жакшы” деген баа берилди.




