Кыргызстанда “жашыл” турак жай куруу маселеси талкууланды
Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) миссиясынын өкүлү Джакомо Жианетто менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу турак жай куруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруунун негизги уюштуруучулук жана техникалык маселелерин талкуулады.
Анын негизинде долбоорду ишке ашыруу тобун (PIU) түзүүгө жана уюштуруу жагын жөнгө салууга, анын ичинде институционалдык түзүмдү аныктоого, функцияларды бөлүштүрүүгө жана координациялоо механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, энергияны үнөмдөөгө, курулуш материалдарынын экологиялык тазалыгына жана алардын сакталышын көзөмөлдөө тутумуна басым жасоо менен "жашыл" турак жай стандарттарын киргизүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, тараптар турак жай курулушунда энергияны үнөмдөөчү заманбап чечимдерди киргизүү үчүн стимулдаштыруучу чараларды караган энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу программасынын параметрлерин талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендигин ырастап, өлкө аймагында туруктуу "жашыл" турак жай куруу моделин түзүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.