Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.
"Миссиянын алкагында эки каттам менен болжолдуу 360 жаран (ар бир учакта 180 жүргүнчү) мекенге кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана кары-картаңдарга артыкчылык берилет", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат.
Ошондой эле кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө экени кошумчаланды.