Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 1948-жылы туулган жаран Ч.Г. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Шектүүлөр өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге киришкен.

Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алдоо жолу менен кылмышкерлер жабырлануучуну банкомат аркылуу банктык картага 22 130 000 сом которууга көндүрүшкөн. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери шектүүлөрдүн ким экенин жана кайда жүргөнүн аныкташкан. Аныкталгандай, А.К., 2005-жылы туулган, “дроппер” деп аталган ролду аткарган — ал өз атына катталган банк картасын сатып жиберген. Кийинчерээк ошол карта уурдалган акчаларды которуу үчүн колдонулган. Шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген жана КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле Э.К., 2006-жылы туулган жаран аныкталган. Ал “дроповод” ролун аткарып, «Telegram» мессенджериндеги каналдар аркылуу башка адамдардын банк карталарын сатып алуу менен алектенген. Ал дагы Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде УКЖга камака алынды.

Учурда милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча маалымат жана далилдерди чогултуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

💡
ИИМ эскертет: Укук коргоо органдарынын, банктардын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери эч качан акча каражатын башка банк картасына же эсепке которууну талап кылышпайт, ошондой эле банктык жашыруун маалыматтарды сурашпайт. Эгер мындай чалуулар же билдирүүлөр келип түшсө, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз же 102 номерине кабарлаңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды. И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү. Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

2026-жылдын май айына жеткирилүүчү Brent crude фьючерстери 5%дан ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын апрель айына жеткирилүүчү WTI crude фьючерстери NYMEX биржасында 8%дан ашык көтөрүлгөнүн соода маалыматтары көрсөтүүдө. Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна карата Brent нефтинин баасы 5,26%га өсүп, баррели 85,68 долларга жеткен. Ал эми WTI

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти. Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал