"Манас Ордо" комплекси 31-августка чейин реконструкцияланып бүтөт
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев иш сапары менен Талас облусуна барды. Иш сапардын алкагында спикер "Манас Ордо" улуттук комплекси менен таанышып, ремонттук жана реконструкциялык иштердин жүрүшүн көрдү.
Марлен Маматалиев белгилегендей, "Манас" эпосу кыргыз элинин маданий жана руханий мурастарынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
"Бул тарыхый жер абдан маанилүү. Реконструкция иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Иштер бүткөндөн кийин зыяратчылар жана туристтердин саны көбөйөт. Бул, өз кезегинде, облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жана экономикалык өнүгүүгө оң таасир берет", — деди Марлен Маматалиев.
Ал ошондой эле комплексти Эгемендүүлүк күнүнө чейин реконструкциялоону бүтүрүүнү эскертти жана жооптуу кызматкерлерди бардык иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө чакырды.