Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген жыйында чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектебин түзүү тууралуу чечим колдоого алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлүп, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталат.
Жаңы билим берүү уюму жарандардын заманбап IT-программаларга акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, эмгек рыногунда талап кылынган санариптик адистерди даярдоо жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу максатында ачылууда.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдарга тиешелүү багыттар боюнча тапшырмалар берилди.