Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда
Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган 134 кыргызстандык жаран Доха шаарынан Сауд Арабия Королдугунун борбору Эр-Риядга жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жалпы 134 жаран автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, андан соң учак менен Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Жарандардын Кыргызстанга 8-март күнү кечинде келери күтүлүүдө.
Жарандарды чек аралар аркылуу өткөрүүнү уюштуруу иштери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү өлкөлөрдөгү элчиликтер тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөлөрдө калып калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү тапшырмасын берген.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки авиарейс аркылуу 260 кыргызстандык жаран Кыргызстанга алып келинген.