Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет
Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты.
Министр Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөтүлүп келген колдоо үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, калкты жана аймактарды коргоо, ошондой эле куткаруучулардын кесиптик потенциалын жогорулатуу багытындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин карашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашты.


