ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат
Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашы күтүлүүдө.