Кыргызстандыктардын умра зыяратына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстандыктардын умра зыяратына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана умра сапарына байланышкан маселелерди талкуулоо максатында кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында өткөн жыйында айтылды.

Жыйынга Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Жарандык авиация мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик компаниялар катышты.

Жыйынды Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачып, туризм тармагындагы компанияларга муфтият менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды эске алуу менен жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилип, Сауд Арабиясына умра зыяратына барып калган кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу маселеси талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле токтоп калган каттамдарды "Жазира", "Флайнас", "Эйр Арабия" жана башка авиакомпаниялар аркылуу кайра жандандыруу аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта фермерлерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү текшерилди

Сузакта фермерлерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Сузак районундагы Фермерлерди тейлөө борборунун имараты менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жумушчу сапардын жүрүшүндө министр борбордун ишмердүүлүгүн, фермерлерге көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жана түзүлгөн шарттарды жеринде көрүп чыкты. Ошондой эле борбордун кызматкерлери менен жолугуп, дыйкандар тарабынан калтырылган сунуш-пикирлер

Кыргызстан аялдары тууралуу кызыктуу цифралар

Кыргызстан аялдары тууралуу кызыктуу цифралар

Улуттук статистика комитети жыл сайын 8-мартта белгиленүүчү Эл аралык аялдар күнүнө карата маалыматтарды сунуштады. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1975-жылы расмий таанылган. Бүгүнкү күндө ал аялдардын укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык тилектештик үчүн күрөштүн символу болуп саналат. 2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти.

«Сиз чын эле курьерсизби?» Наабайчылыкты тамак жеткирүү иши менен алмаштырган бишкектик кыздын баяны

«Сиз чын эле курьерсизби?» Наабайчылыкты тамак жеткирүү иши менен алмаштырган бишкектик кыздын баяны

Көпчүлүк адамдар - жеткирүү иши эркектерге таандык, деп эсептешет. Бирок, Бишкектин көчөлөрүнөн термобаштык көтөргөн кыздарды азыр көп көрүүгө болот. Юлия Ракитина — алардын бири. Ал тамак жеткирүү тармагына кокусунан эле келип калган, кийинчирээк бул иштен мурда жетишпей келген бир нерсени таап алганын түшүнгөн. Economist менен маекте Юлия кантип кесибин алмаштырууну туура

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң