«Сиз чын эле курьерсизби?» Наабайчылыкты тамак жеткирүү иши менен алмаштырган бишкектик кыздын баяны

«Сиз чын эле курьерсизби?» Наабайчылыкты тамак жеткирүү иши менен алмаштырган бишкектик кыздын баяны

Көпчүлүк адамдар - жеткирүү иши эркектерге таандык, деп эсептешет. Бирок, Бишкектин көчөлөрүнөн термобаштык көтөргөн кыздарды азыр көп көрүүгө болот. Юлия Ракитина — алардын бири. Ал тамак жеткирүү тармагына кокусунан эле келип калган, кийинчирээк бул иштен мурда жетишпей келген бир нерсени таап алганын түшүнгөн. Economist менен маекте Юлия кантип кесибин алмаштырууну туура тапканын, анын жумуш күнү кандай өтөөрү жана эмне үчүн жеткирүү кызматында бирдей нөөмөт дээрлик болбой турганын айтып берди.

Баары кокустан кездешкен жарыядан башталды

Турмуштук жагдайга жараша, Юлия мектепти бүткөндөн кийин дароо наабайканага ишке орношуп, ал жерде сегиз жыл эмгектенген. Бул убакыт аралыгында ал ар кандай кызматтарды аркалоого үлгүргөн: алгач өндүрүш цехинде иштеп, кийин айдоочу-экспедитор болгон. Бирок убакыт өткөн сайын мындан ары карай жылуу керек деген ою жаралган. Ошондон улам, ал өзүн жаңы тармакта сынап көрүүнү туура тапкан.

Баары кокустан кездешкен жарыядан башталган. Юлия тамак жеткирүү кызматына жеткирүүчүлөр кабыл алынып жатканы тууралуу жарыяны көрүп, бул тармакта иштеп жүргөн тааныштарынан сураштырып, алардын алгачкы  кеңешин уккан.

“Айдоочу-экспедитор болуп жүргөндө, дүкөндөргө товар ташыганда жоопкерчилик абдан чоң болчу: белгиленген убакта келип, жүктү алып чыгып, дүкөндөргө жеткирип, анан кайтарылган товарларды санап, баарын текшерип чыгасың. Дайыма эсеп-кысап, текшерүү, талаш-тартыш. Ал эми жеткирүү кызматында баары кыйла жөнөкөй: ишке чыктың, иштеп бүтсөң, үйгө кете бересиң. Ашык суроолор жок, дүкөндөр менен макулдашуу, товар алууга көндүрүү же кайтаруулар боюнча талаш маселе жок. Убакыт өткөн сайын, андан чарчап калат экенсиң”, — деп салыштырды ал.

Юлия жумушка бат эле орношуп кеткен. Онлайн-форма аркылуу эле бара турган күнүн тандап, дароо документтерин тариздөөгө келген. Күтүү залында ал жалгыз кыз болгон. Кызматкерлер тийиштүү документтерди чогултууга жардам берип, тиркемеге каттап, Яндекс Go сервисинин тамак жеткирүү кызматында ишти баштоого керектүү нерселердин баарын беришкен.

Эртеси күнү Юлияга төрт сааттык сыноочу иш дайындалган, бул аралыкта ал системанын кандай иштей турганын түшүнүшү зарыл эле. Ал биринчи нөөмөткө чыгып, дээрлик дароо эле бул иш менен алектенгиси келээрин түшүнгөн.

Күн тартибин өзүң тандасаң болот

Юлиянын жумуш күнү адатта эртең мененки саат ондо башталып, кечинде аяктайт. Ал графигин өзү түзөт: мисалы, түшкү тыныгуу алуу же жеке иштерди бүтүрүү үчүн тиркемеде буйрутмаларды паузага койсо болот. Дал ушул эркиндик сезими буга чейин ага жетишпей келген.

«Мен көбүнчө күн сайын бирдей план менен ишке чыгууга аракет кылам. Албетте, ар кандай күндөр болот: жаан-чачын, жолдогу тыгындар ж.б. Бирок өзүм кааласам тыныгуу жасай алам», - дейт ал.

«Сиз чын эле курьерсизби?»

Көпчүлүк эл курьер болуп жеткирүү менен алектенгендерди дагы деле эркектердин гана иши деп ойлошот. Ошондуктан эшиктен буйрутманы кыз киши алып келсе, ар кандай кабыл алышат.

“Көпчүлүгү таң калышат. Айрымдары жылмайып тосуп алышат: курьер, кыз келиптир- дешет. Кээ бири адаттагыдай, тынч кабыл алышат. Бирок көбүнчө - буйрутма берген кардарлар эмес, ресторан жана башка ишкананын өкүлдөрү таң калышат. Алар: “Сиз чын эле курьер болуп иштейсизби?” деп сурай беришет” – деп, күлөт Юлия.

Бул иште бир да күн мурунку күнгө окшобойт. Маршруттар, даректер, адамдар дайыма өзгөрүп турат. Бүгүн тааныш кварталдар боюнча кыска сапарлар болсо, эртең шаардын башка четине буйрутма берилиши мүмкүн.

“Бир жолу шаурма жеткирип барсам, буйрутма берген адам өзү да курьер болуп иштеген жигит экен. Көбүнчө буйрутмага келген затты бересиң да, кете бересиң. Ал эми бул жолу экөөбүз сүйлөшүп калдык. Бул бейтааныш адамдардын да ортого салаар сөзү табылат деген кеп”, — деп эскерди кыз.

Дагы биринде Юлия кире бериште тосмо эшиги бар көп кабаттуу үйгө буйрутма алып келген. Адатта кардарлар үйдүн жана батирдин номурун гана жазып, короонун эшигинин коду сыяктуу майда деталдарды унутуп коюшат. Ушундай учурларда курьер дарбазанын алдында туруп, кардарга чалып, кимдир бирөө чыгып, эшикти ачышын күтөт.

Бул жолу баары башкача болгон. Юлия дарбазага жакындаганда эле каалга өзү ачылып кеткен. Бирок короодо эч ким көрүнгөн эмес. Подъездге барса, анын эшиги да ачык болгон. Андан кийин Юлия чип менен иштеген лифтке киргенде, ал дагы таң калыштуусу — керектүү кабатка өзү алып чыккан.

“Мен батирге барганда үй ээси түшүндүрүп берди: көрсө ал ушул убакыттын баарында адегенде терезеден, андан кийин камерадан мени көрүп, эшиктерди алыстан кезек-кезеги менен мени күтүп калбасын деп ачып берип жатыптыр. Абдан жагымдуу болду”, — дейт Юлия.

Өзүнүн дүкөнүн ачуу кыялы

Бишкектик кыз иштин башында жеткирүү менен убактылуу алектенип турам деп, ойлоп, бир аз иштеп, баары кандай жөнгө салынганын байкап көрөйүн деген. Бирок убакыт өткөн сайын бул формат өзүнө ылайык экенин түшүнгөн. Азырынча ал бул иштен кетүүнү пландабайт жана Яндекс Go сервисинин Тамак-аш кызматында иштөөнү улантат.

“Курьер болуп, өзүн сынап көрүүдөн корккон кыздарга айтаарым: мында корко турган эч нерсе жок. Мен дагы башында кабатырланып, тиркеме кандай иштейт болду экен, деп түшүнчү эмесмин. Бирок тажрыйбада баары алда канча жөнөкөй болуп чыкты. Тиркеме өзү маршрутту көрсөтүп, кайда баруу керектигин айтып турат”, — дейт ал.

Юлия азыр келечекке пландарын түзүп жатат. Качандыр бир күнү ал өз ишин - чакан дүкөн ачкысы келет. Балким, балдар үчүн кийимдер сатылуучу дүкөн болушу мүмкүн. Азырынча бул бир гана идея, бирок убакыт өткөн сайын өз ишин баштоо кыялы күч алып барат. Эң негизгиси — баштапкы капиталды топтоо керек.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт