Жакынкы Чыгышта жүргөн кыргызстандыктар Эр-Рияддан Бишкекке учту
Маалыматка ылайык, мурда коопсуз коридор аркылуу Катардан Сауд Аравияга келген кыргызстандыктар учууга чейинки зарыл болгон бардык жол-жоболордон ийгиликтүү өтүшүп, Эр-Рияд — Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам менен учуп чыгышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Учурда учакта Кыргызстандын 166 жараны бар. Министрлик аларды тосуп алуу жана андан аркы жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чараларды толук координациялоону улантууда. Учак "Манас" эл аралык аэропортуна келип конот.
Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн мекендештерге көмөк көрсөтүү тапшырмасын аткаруу максатында жарандарды мекенге кайтаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.