Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп жатат.
Учурда объектте жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулуп жатат.