Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Учурда Россиядагы түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1256 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, соттолгон жарандардын 143ү Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде кармалууда.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын укуктук абалы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Азыркыга чейин 138 жаран менен жолугушуулар өткөн. Ал эми Омск жана Алтай крайларындагы 43 жаран менен жолугушуулар азырынча жүргүзүлө элек.

Маалыматтарга ылайык, кылмыш иштеринин жарымынан көбү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу. Мындан тышкары каракчылык, тоноо, алдамчылык, зордуктоо жана диний экстремизм фактылары да кездешет.

Өткөн жылы Россиянын түзөтүү мекемелеринен 131 кыргызстандык бошотулган. Алардын ичинен 90 жаранга Башкы консулдук мекенине кайтып келүү үчүн атайын күбөлүк берген.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги аркылуу жүргүзүлгөн экстрадициянын алкагында 61 жаран Кыргызстанга кайтарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен