Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды
Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду.
Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 234-беренеси менен эки протокол түзүлдү. Айып пулдун жалпы суммасы 15 миң сомду түздү.
Экологдор абанын сапатын жакшыртуу максатында мындай текшерүүлөр Бишкек шаарында туруктуу негизде өткөрүлүп турарын эскертет.


