"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган бирка аркылуу анын породасы, ата-теги жана башка маалыматтары электрондук базага киргизилет.
Ошондой эле министр фермада өстүрүлүп жаткан швиц жана голштино-фриз породалары, ошондой эле гибриддик торпоктор менен таанышты. Торпоктордун өзүнчө кабиналарда багылышы алардын ден соолугун сактоого жана жугуштуу оорулардын алдын алууга жардам берет.
"Чабрец" агрофирмасы болжол менен 3 миң гектар аянтта тоют жана дан өсүмдүктөрүн өстүрүп, мал чарба комплекстерин тоют менен камсыздайт. Ишканада саан, муздатуу жана тоют даярдоо процесстери автоматташтырылган.
Фермада абердин-ангус, алатау жана голштино-фриз породасындагы ири мүйүздүү мал, ошондой эле гиссар породасындагы койлор багылып, эт жана сүт багытындагы продукциялар өндүрүлөт.
Учурда агрофирма табигый сүт жана колбаса азыктарын чыгарып, ички рынокту камсыздоого салым кошуп келет.


