Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет.

Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Атап айтканда, тыюу ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын төмөнкү коддоруна кирген жаныбарларга тиешелүү:

  • 0102 – ири мүйүздүү мал;
  • 0101 – жылкылар;
  • 0104 – койлор жана эчкилер.

Токтомду ишке ашыруу үчүн бир катар мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Толук маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://www.gov.kg/ru/npa/s/4789

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат

Учурда Россиядагы түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1256 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди. Анын маалыматына караганда, соттолгон жарандардын 143ү Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде кармалууда. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын укуктук абалы боюнча түшүндүрүү