Ноокен районунда 588 миң сом алимент өндүрүлдү
Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Ноокен райондук бөлүмү алимент төлөөдөн качып жүргөн карызкорго карата тиешелүү чараларды көрдү.
Маалыматка ылайык, жаран Э.Т.П. соттун алимент төлөө боюнча чечимин узак убакыт бою аткарган эмес. Ошондуктан ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 588 миң сом өлчөмүндөгү алимент карызы толугу менен өндүрүлүп, акча өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.