Парламентте журналисттердин маянасын жогорулатуу маселеси дагы көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — министрлер кабинети.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев белгилегендей, бул долбоордун максаты колдонуудагы мыйзамды жаңы редакциядагы Санариптик кодекске жана 2025-жылдын 6-августундагы "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга шайкеш келтирүү. Атап айтканда, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзам" деген сөздөрдү "Санариптик кодекс" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.
Талкуу учурунда депутаттар Сеидбек Атамбаев, Гүлшаркан Култаева жана Салтанат Аманова таратылып жаткан маалыматтын тактыгына, калыстыгына жана сапатына өзгөчө көңүл буруп, бир катар маселелерди ортого салышты.
Салтанат Аманова мамлекеттик басылмалардын (гезит-журналдардын) кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана аларды турак жай менен камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгын көтөрдү.