Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен  кат жөнөтүлгөн.

Натыйжада объекттин ээлери курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Учурда конструкцияны бузуу жана аймакты бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.

Москва районунда жалпы наркы 12 млн 857 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Москва районунда жалпы наркы 12 млн 857 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Москва районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Москва районунун прокуратурасы социалдык объектилерди куруу үчүн арналган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгенин аныктады. Аталган жер тилкелеринин аянты: * Ак-Суу айыл аймагында 7653 чарчы метр, * Нарзан айыл аймагында 1000 чарчы метр болгон. Прокуратура тарабынан

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытында туруктуу иштер жүрүп жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо процесси Жогорку Кеңеште аяктоо алдында турат. Бул