Кыргызстан менен Кытай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушууларынын, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын маанисин белгилешти.
Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек араларында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу соода жогорку деңгээлде жүрүп жатканы айтылды.
Мындан тышкары жолугушууда айыл чарба тармагында Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда буга чейин кол коюлган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Эрлист Акунбеков коңшу эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, акыркы жылдары кыргыз-кытай байланыштары жигердүү өнүгүп жатканын айтты. Ал ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.