Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алууга шектелгенине байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровго министрликтин кызматкерлеринин бири арыз менен кайрылып, кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында акча талап кылынганын билдирген. Анын айтымында, суралган сумманын бир бөлүгүн ошол кездеги министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп берген.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Башкы прокуратура бул маалыматтарды текшерип, арызда айтылган фактылар тастыкталганын билдирген.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Энергетика министрлиги "Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электроэнергетика тармагындагы айрым маселелер жөнүндө" 2022-жылдын 12-сентябрындагы документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын эсептөө ыкмасын өзгөртүү жана негизги жеткирүүчүдөн электр энергиясын сатып алуу үчүн бирдиктүү тариф киргизүү пландалууда. Бул тариф импорттолгон электр энергиясынын

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен  кат жөнөтүлгөн. Натыйжада объекттин

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Ошондой эле Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Кыргызстанда акыркы жылдарда мамлекеттин, эл аралык уюмдардын көмөгү менен сапаттуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөндөр көбөйдү.   20 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенип,  2023-жылдан тарта голландиялык картошканын түшүмдүү, сапаттуу супер элита сортун айдап, гектарынан 45 тоннадан үрөндүк элита сортун өндүрүп жаткан фермер, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Айбашов